БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 72
Баткен шаарынын К.Турмаматов, С.Сыдыков, М.Сейдалиев, И.Раззаков, И.Каюмов көчөлөрүнө сугат суу ноолорун орнотуу жана тротуар куруу долбоорлорун 2024-жылга Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жана өздүк салым менен курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 7-сентябрь № 01-13/2153 катына жана шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын төмөнкү көчөлөрүнө 2024-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттык жана үлүштүк каржылоо менен курулуш долбоорлоруна макулдук берилсин:
а) К.Турмаматов көчөсүнө 1149,1м суу ноосу, 1149,1 м тротуар
б) М.Сейдалиев көчөсүнө 1299,6 м суу ноосу, 1299,6 м тротуар,
в) С.Сыдыков көчөсүнө 1936,7 м суу ноосу, 1936,7 м тротуар курулуштары
г) И.Раззаков көчөсүнө 1266 м суу ноосу, 1266 м тротуар
д) И.Каюмов көчөсүнө 1114,4 м суу ноосу, 1114,4 м тротуар
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |