САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2023-жылдын 25-августу № 1
Сакалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имаратты оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жана Бөбүй айылындагы №190 контурунан ажыратылган 1,0 га жер тилкесин жаңы чек ара заставасынын имаратын капиталдык курулушу үчүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 231- беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1.Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 1-июнундагы №01-15/742 сандуу каты жана Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновдун 2023-жылдын 24-августундагы №01-16/183 сандуу сунушу эске алынсын.
2.Сакалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги №3040810030184 коду менен катталган, Чон-Багыш айылынын Г.Осмонов көчөсүндө жайгашкан (мурдагы “Коммунизм” колхозунун конторасын) имаратты жер аянты менен Бөбүй айылындагы №190 контурунан ажыратылган 1,0 га жер тилкесине жаңы чек ара заставасынын имараты курулуп, колдонууга берилгенге чейин 2027 аскердик бөлүгүнүн “Сакалды” чек ара заставасына оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
3.“Сакалды” чек ара заставасынын жаңы имаратын куруу үчүн Бөбүй айылындагы №190 контурдагы 1,0 га жер тилкесин кечиктирилгис түрдө трансформациядан өткөрүү, тиешелүү документтерди (ПСД, АПЗ, ИТУ) даярдоо Сакалды айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Нишанбаев |