САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2023-жылдын 25-августу № 2
Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн каралган жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: -айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2215-беренесинен Сакалды айыл өкмөтүнүн жана Сакалды айылдык кеңешинин 2012-2018-жылдар аралыгындагы документтерин сактоого мамлекеттик архивге өткөрүп берүү жумуштары үчүн 200 000 сом каражат ажыратылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А.Нишанбаев |