Редакцияот 18.03.2024
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН XXVIII  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

XXV  СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 18-мартындагы № 3 

 

Балыкчы шаардык Кенешинин Уставы  жөнүндө  

 

                                                                                               

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү  жөнүндө Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 7-февраль 2024-жылдын  ПЖ №24 Жарлыгынын 1 пунктуна жана  “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан  административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши жөнүндө” убактылуу жобосунун 2-главасынын 9 пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик  агенттиктин № 01-25/77 06.03.2024-ж. жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн типтүү  жобосунун  №3 тиркемесинин негизинде Балыкчы  шаардык кенештин депутаттык жумушчу комиссиясынын  сунушуна  ылайык карап, талкуулап,  Балыкчы шаардык Кеңешинин  сессиясы 

т о к т о м  к ы л а т :

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын  жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү  жөнүндө Жарлыгынын негизинде Балыкчы шаардык Кеңешинин  Уставы  № 1 тиркемеге ылайык  бекитилсин жана  кайра каттоодон өткөрүүгө сунуш  берилсин.

Юридикалык дареги. Кыргыз Республикасы Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, № 252

  1. Балыкчы шаардык кенешинин  21.10. 2010-жылдагы XXV чакырылышынын  IX сессиясынын Балыкчы шаардык Кеңешинин Уставын бекитүү  жөнүндөгү кабыл  алынган № 6 токтомунун күчү жоготту деп табылсын.
  2. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде  кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актысы  Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү  жагы суралсын.
  3. Мамлекеттик  кайра  каттоо  жөнүндөгү  чечимде, андагы  көрсөтүлгөн  маалыматтардын  анык  экендиги  жана  мыйзамда  белгиленген  учурларда  юридикалык  жакты  кайра  каттоо  маселелери  тийиштүү  мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен  макулдашылгандыгын  ырастайт.
  4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялангандан тартып күчүнө киргизилсин.
  5. Токтомдун аткарылышы Балыкчы шаардык  Кеңешинин  аппаратына  тапшырылсын.

 

Кеңештин  төрагасы                                                                         Ж.М. Абдразаков

 

 

 

                                                                             Балыкчы шаардык Кенешинин

                                                                             XXVIII чакырылышынын

                                                                              чакырылган  XXV

                                                                             сессиясынын  № 3 токтомуна

                                                                             №1 тиркеме                                                                          

Балыкчы шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  депутаттарына “Көк-Мойнок”  айыл  аймагынын жергиликтүү  кенешинин депутаттары кошулуп биргелешкендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 7-февраль 2024-жылдын  ПЖ №24 Жарлыгына ылайык “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши  жөнүндө убактылуу жобосуна ылайык Балыкчы  шаардык Кенешинин

У С Т А В Ы

1-глава  Жалпы жоболор

1. Ушул  Устав  пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органы болгон  Балыкчы  шаардык Кенешинин  ишин жөнгө салат.

2. Жергиликтүү  кеңештердин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Шаардык кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шаардык Кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул жогорудагы аталган жобого ылайык  жүзөгө ашырылат.

3. Балыкчы шаардык Кеңешинин (мындан ары – шаардык Кеңеш) жашыруун  добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык  мөөнөткө шайланган шаардагы кошулган аймактын депутаттарын кошкондо 42 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык  негизде жүзөгө ашырган, шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.

3.Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.

4.Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

Шаардык кеңештин расмий аталышы:

-мамлекеттик тилде - “Балыкчы шаардык Кенеши” ;

-расмий тилде - “Балыкчинский городской кенеш”.

Юридикалык дареги. Кыргыз Республикасы Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, № 252