ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28- чакырылган кезексиз XXI (жыйырма биринчи) сессиясы
2023-жылдын 9-октябры № 154/XXI-28
Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ№350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында 2023-жылдын 11-августундагы айылдык Ысык-Ата айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен Ысык-Ата айылдык аймагынын административдик-аймактык реформалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата районунун айылдык аймактарын бириктирүүдө Ысык-Ата айыл аймагынын географиялык жайгашуусун эске алып, Карагай-Булак, Тогуз-Булак, Горная-Серафимовка, Алмалуу, Жогорку-Ичке-Суу, Ичке-Суу,Норус,Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарынан турган Ысык-Ата айыл аймагын өзүнчө аймак катары калтыруу сунушталсын.
2. Айылдык аймактын административдик борбору Алмалуу айылы бойдон өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Айылдык аймактын аталышы “Ысык-Ата айыл аймагы” бойдон өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Бул токтом Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Тологоновго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Бейшекеев |