Редакцияот 27.02.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

Т О К Т О М

2025-жылдын  27-февраль №4/4

 

 2025-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык

иш чаралары жөнүндө

 

Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновдун 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш чараларынын түзүлүшү жөнүндө билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин IX-чакырылышынын кезектеги тѳртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      2025-жылга Кербен шаарынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу иш чаралар планы бекитилсин.

2.      Кербен шаарынын мэриясына тапшырылсын:

-          Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чараларын түзүп, каражат бөлүүдө айылдар арасында теӊдештик принцибин сактоо;

-          “Кербен суу канал”, “Миң-Булак Суу” жана “Кербен Тазалык жана Кѳрктѳндүрүү” муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүү максатында бѳлүнгѳн субсидиянын максаттуу пайдалануусун кѳзѳмѳлдѳѳ Кербен шаарынын мэрине милдеттерилсин.

3.        Жергиликтуу бюджеттин эсебинен каржылануучу иш чаралар планынындагы маани-

маңызын өзгөртпөстөн беренерлерге жылдыруу Кербен шаарынын мэринин буйругу

менен аткарууга макулдук берилсин. 4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык

юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу

комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевге жүктөлсүн.

 

 

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев