БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 6
Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сасык-Булак айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын Бекназаров Сагынбек көчөсүнүн №152 дарегиндеги 660м.кв жер тилкесине мечит курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |