Кыргыз Республикасынын «Үрөндөр жана көчөт материалдары жөнүндө» Мыйзамынын долбоорунун максаты — ата мекендик үрөн чарбачылык тармагын өнүктүрүүнүн укуктук негизин түзүү, үрөн чарбачылык тутумун өркүндөтүү, сертификатталган үрөндөрдүн өндүрүшүн көбөйтүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди жогорку сапаттагы үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 УП «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана дебюрократиялаштыруу боюнча кошумча чар…