Атайын наамдарды, атайын класстык чендерди белгилөө чөйрөсүндөгү учурдагы мыйзамдар аскер кызматчыларына таандык айрым айырмалоочу белгилерди (беш бурчтуу жылдыздары бар погондорду) тек гана жарандык функцияларды аткарган мамлекеттик кызматкерлердин кийим формаларында негизсиз колдонууга алып келди. Ушул мыйзам долбоорунун максаты жогоруда көрсөтүлгөн айырмалоочу белгилерди колдонуу тартибин прокуратура органдарынын кызматкерлеринин (аскер прокуратурасынан тышкары) аларды кийүү укугун алып салуу аркылуу иретке келтирүү болуп саналат, бул өз кезегинде атайын наамдар ыйгарылуучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын тизмегин кайра карап чыгууну камтыйт.
Муну менен катар тарыхый практиканы эске алуу менен мыйзам долбоору прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн атайын класстык чендердин тутумун сактап калууну сунуштайт.…