Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, ѳзгѳчѳ жана согуштук абал режимдерин киргизүү учурунда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуугун жогорулатуу жана келип чыккан кризистик кырдаалдарга мамлекеттик органдардын оперативдик кайтаруусун камсыз кылуу жаатындагы коомдук мамилелерди укуктук жѳнгѳ салууну ѳркүндѳтүү максатында иштелип чыккан.
Долбоордун негизги максаттары тѳмѳнкүлѳр: - мамлекеттин коопсуздугуна болгон заманбап коркунучтарды жана чакырыктарды эске алуу менен “Өзгѳчѳ абал жѳнүндѳ” жана “Согуштук абал жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциял…