“Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай, Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жана Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай, Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагынын Алымбек Датка, Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Босого, Биримдик, Достук, Жаштык жана Ынтымак жана Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айыл аймагынын Балыкчы калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү максатында иштелип чыккан.