Бул Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жарандардын жеке кол тийбестигин камсыз кылуу, ар-намысын, кадыр-баркын жана психологиялык бейпилдигин коргоо, ошондой эле коомдук жайларда сексуалдык мүнөздөгү ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарындагы кенемтелерди толтурууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам укуктарын коргоонун кепилдиктерин бекемдөөгө кыйла так укуктук ченемдерди жа…