Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана укуктук аныктыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул максатты ишке ашыруу аларды киргизүүнүн так критерийлерин мыйзамдуу түрдө бекитүүнү, ошондой эле «жергиликтүү маанидеги маселелер» түшүнүгүнүн укуктук аныктамасын белгилөөнү болжолдойт.