Ушул «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун (мындан ары – Мыйзам долбоору) максаты жарандык авиация чөйрөсүндө юридикалык жоопкерчилик механизмдерин өркүндөтүү, учуулардын коопсуздугунун жана авиациялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле авиациялык иштин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу болуп саналат.
Мыйзам долбоорунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - укук бузуунун мүнөзүн, ал пайда кылган коркунучтун даражасын жана мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алган, реалдуу алдын алуучу таасирге ээ болгон дифферен…