Бул мыйзам долбоорунун максаты калк үчүн профилактикалык эмдөөлөрдүн, анын ичинде жеке менчик саламаттык сактоо мекемелери аркылуу жеткиликтүү болушун камсыздоого багытталган “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү укугун берүү болуп саналат.