Өзгөртүүлөрдүн максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарына карата чыгарылган, эркинен ажыратууга байланышпаган чет өлкөлүк сот чечимдерин таануу жана аткаруу боюнча укуктук механизмди орнотуу, ошондой эле аларды эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга шайкеш келтирүү.
Бул максаттын алкагында төмөнкү милдеттер чечилет: чет өлкөлүк сот чечимдерин таануу жана аткаруу жаатындагы укуктук боштукту жоюу; Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чет өлкөлүк…