«Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) калктын банк кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан жана көзөмөлдөө алкагында милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган уюмдар тарабынан банктык жана төлөм кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн сый акы алууну тиешелүү жөнгө салууларды, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюуларды белгилөө боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын аныктоого багытталган, анын ичинде алдамчылык аракеттерге ыкчам чара көрүү жана кардарларды коргоо максатында каражаттарды уурдоого жол бербөө үчүн белгилүү бир учурларда банктарга эсептерди блокко коюуга ыйгарым укуктар берилет, ошондой эле башка секторлорго инвестиция салууну каалаган банктар үчүн тоскоолдуктар алынат.