Сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаттары аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө Декларация боюнча (Генералдык Ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жок кылуу жөнүндө конвенция (Генералдык Ассамблеянын 1979-жылдын 18-декабрындагы 34/180 резолюциясы менен кабыл алынган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 Гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 8-максатынын 25.2-пунктун ишке ашыруу болуп саналат.
Сунушталган мыйзамдын милдеттери электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен үй-бүлөлүк зомбулук актысын жасаган адамдардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын кеңейтүү болуп с…