Аталган Мыйзамдын долбоорунун максаты университеттердин, илимий изилдөө мекемелеринин жана өндүрүш секторунун инновациялык технологияларды жаратуу жана өнүктүрүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, илимге жана жаӊы технологияларга негизделген чакан жана орто бизнести өздөштүрүү, илимий изилдөөчүлөргө жаӊы жумуш орундарын түзүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө укуктук механизмдерди түзүү үчүн даярдалган.
Мыйзамдын кабыл алуусу Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүгө эффективдүү укутук өбөлгө болоруна шек жок. Жыйынтыгында, Кыргызстанда бизнес чөйрөсү менен илимий колдонмо тармагынын шайкеш иштеши, инновациялык техн…