Бул мыйзам долбоорунун максаты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдардагы өксүктөрдү толтуруу жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.