Бул Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети укук колдонуу практикасын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым беренелерин өркүндөтүү, мамлекеттик сыйлыктарга жана аларды берүүгө тийиштүү жаңы мыйзам чыгаруу ченемдери менен толуктоо, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды берүүнү демилгелеген мамлекеттик түзүмдөрдүн санын чектөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик премияларынын баркын жана беделин жогорулатуу, сыйлануучу адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.