“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору өткөрүү пункттарынан жана башка товарларды өткөрүүнүн белгиленген жерлеринен тышкары товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу менен күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамга каршы ишмердикти аткарагандыгы үчүн натыйжалуу, шайкеш жана тыюу салган санкцияларды белгилөө максатында даярдалган