Сунушталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Сырткы видео байкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосундагы коллизияны жоюу максатында, ошондой эле, 2018-жылдын 19-апрели № 2369-VI саны менен Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткандар "Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 1-пунктун аткаруу максатында, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө соода-базар комплекстеринин аймактарына видео-байкоолорду орнотууга милдеттендирген мыйзам долбоорун демилгелөө тапшырмасы иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорунун максаты жана милдети "Сырткы видео байкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу…