Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 25-сентябры № 609
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыйыр салыктарды төлөөнүн толуктугун камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Контролдук баалардын минималдык деңгээли монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген арыздарга ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга белгиленет. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлардын тизмесин (мындан ары - Тизме) жүргүзөт.
Контролдук баалардын минималдык деңгээли тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 10 орундуу цифралык кодуна ээ болгон товарларга карата белгиленет (мындан ары - ЕАЭБдин ТЭИ ТН). ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду өзгөртүлгөн учурда, арызда жана Тизмеде ЕАЭБдин ТЭИ ТНнын мурда колдонулган коду жана жаңы кабыл алынган коду көрсөтүлөт.
Ташып келинген товар үчүн эсептөөдө колдонулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык, салык төлөөчү тарабынан импорттолгон товарлар эсепке алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоодо товардын өлчөө бирдиги ЕАЭБ ТЭИ ТНна ылайык көрсөтүлөт.";
- 5-пункттагы "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат: