Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген |
Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө НУСКАМА
I. Жалпы жоболор
1. Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн, шаарлардын мэрияларынын жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон 5-16 жаш курактагы баардык балдарды каттоого алуусунун тартибин, ошондой эле алардын жалпы билим берүүчү уюмдар, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, билим берүүнү башкаруунун региондук органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү, шаардын мэриясы жана башка уюмдар менен балдарды каттоого алуу процессинде иштешүүсүнүн механизмин аныктайт.
Балдарды каттоого алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу жана негизги жана жалпы орто билим алышын камсыздоо, жалпы билим берүүчү уюмдардын биринчи классына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландоо үчүн зарыл шарттарды түзүү, мектепке келбеген балдарды аныктоо жана окушуна чара көрүү максатында жүргүзүлөт.
2. Мектеп жашындагы балдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген форма боюнча мектепке чейинки жана мектепке баруучу курактагы балдардын тизмесин түзүү жолу менен жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана билим берүү органдары тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин органдары негизги баскычтын көлөмүндө (тогуз класс) сөзсүз түрдө окутулууга тийиш болгон мектепке чейинки жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоону даярдоого жана каттоого катышышат.
Тизмеге жыл сайын ар бир жылда туулган мектеп курагындагы балдар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилип турат, башкача айтканда келгендер киргизилип, кеткендер чыгарылат. Алардын окуусу тууралуу белгилер коюлат жана тизмелер жыл сайын жаңыртылат.
3. Мектеп курагындагы балдарды каттоо айылдык округдун, шаардын жана башка калктуу конуштардын жана администрациялык райондордун чегинде жүргүзүлөт.
Тизмелерди түзүүнүн булактары:
айыл жеринде - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чарба китептери жана убактылуу жашагандардын тизмелери;
шаарларда - үй китептери жана турак жай башкармаларынын тизмелери.
4. Каттоого айыл өкмөтүнүн, шаардын, же башка калктуу конуштун аймагында жашаган бардык типтеги жана менчиктин бардык формаларындагы мектептерде окуган, ошондой эле лицейлерде, колледждерде, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында окуган 5тен 16 жашка чейинки балдар, ошондой эле негизги жалпы билим берүүнү аяктабай калган 16 жашка чейинки курактагы балдар алынышы керек.
Акыл эсинде жана дене-боюнда кемчилиги бар (көзү азиз, акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген, дүлөй-дудук) мектеп жашындагы балдарга өзүнчө тизме түзүлүп, ал тизмелер мындай балдарды атайын мектептерде (интернат), жалпы билим берүүчү санатордук мектептерде, көмөкчү жалпы билим берүүчү уюмдарда (класстарда) окутууга алуу үчүн пайдаланылат.
5. Мектеп курагындагы балдардын тизмелери расмий статистикалык отчет түзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияда сакталат.