Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 20-майындагы № 266
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2017-жылдын 8-июну № 348
"Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына
өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Витязь" мамлекеттик ишканасын мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы болуп аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишкананы өзүнүн карамагына кабыл алсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-1-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун" деген сөздөр "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасынын Уставында: