Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынан тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлктүн объектилерин ижарага берүү учурунда пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт.
3. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
мамлекеттик мүлктү ижарага берүү - пайдаланылбаган мамлекеттик мүлктү акы алуу аркылуу убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга же убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү;
ижарага берүүчү - мамлекеттик мүлктү ижарага берген мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
ижарага алуучу - ушул Жободо бекитилген тартипте мамлекеттик мүлккө убактылуу ээлик кылуу жана колдонуу же убактылуу пайдалануу укугу берилген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет элдик жарандар;
электрондук аукцион - мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
шарттары менен электрондук аукцион - мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна тооруктардын түрү, анда эң жогорку ар айлык наркты сунуштаган жана маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн суммага өз каражаттарыны эсебинен ижара обьектисин капиталдык оңдоо боюнча милдеттенмени өзүнө алган катышуучу жеңүүчү болот, кийин ошол милдеттенме ижара келишимине киргизилет
баланс кармоочу - оперативдүү башкаруусунда же чарбасында мамлекеттик мүлк турган мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
электрондук соода аянтчасынын регламента - ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктаган эрежелердин жыйындысы;