Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин келишимине ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечими менен 2016-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген Бажы союзунун "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентине (мындан ары - техникалык регламент) ылайык автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануучу, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жер астындагы, жер үстүндөгү жана башка инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды куруу, тартуу жана оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзгөн бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарылууга милдеттүү.
2. Ушул Тартип жолдордун бүтүндүгүн камсыз кылуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, ведомстволук жолдорду ошондой эле жол курулмаларды пайдалануу эрежелерин белгилейт.
Тартип ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, ведомстволук жолдорду жана жол курулмаларды эксплуатациялоо боюнча негизги талаптарды белгилейт жана жол пайдалануучулардын жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун балансында кармаган жана ошол эле учурда алардын бүтүндүгүн, оңдоо жана күтүүнү камсыз кылган жол органдарынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.
3. Согуш абалында тынчтык мезгилиндеги эрежелер токтотулат жана бардык автомобиль жолдору аскердик жолдор болуп эсептелинет. Аскердик автомобиль жолдорун пайдалануу, аларды коргоо тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы бекиткен оперативдүү пландарга ылайык ишке ашырылат.
4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануучулар болуп менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай юридикалык жактар жана жеке жактар, ошондой эле автомобиль жолунун жерлеринин чегинде ишин жүргүзгөн жол кыймылынын башка катышуучулары эсептелет.
5. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорун коргоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жол органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун коргоо транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ведомстволук автомобиль жолдорун коргоо ушул жолдор карамагында турган ведомстволор тарабынан ишке ашырылат.
6. Автомобиль жолдорундагы кыймыл ушул Тартиптин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жолдо жүрүүнүн эрежелеринин жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу менен жүзөгө ашырылат.
2. Автомобиль жолдорунун курамы
7. Автомобиль жолдорунун курамына: автомобиль жолу, андагы инженердик жол курулмаларын, эксплуатациялоочу ишканаларды жана кошумча - көмөкчү өндүрүштү камтыган жол кызматынын техникалык комплекси кирет.
Автомобиль жолдорунун четиндеги тилке - автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн тилкеге эки жагынан жайгашкан жер участкалары жана алардын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын камсыздоо, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун, эксплуатациялоонун жакшы шарттарын жана автомобиль жолдорунун өнүгүү келечегин эске алуу менен анын сакталышын камсыздоо максатында автомобиль жолдорун пайдалануунун өзгөчө режими аталган тилкенин чектеринде орнотулат.
Жол четинин тилкесинин кеңдигин транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жана жол четинин тилкесинде жол жана жол боюндагы сервистин объектилерин көрктөндүрүүгө, Өнүктүрүүнүн башкы схемасына ылайык белгиленет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн жол четиндеги тилкенин кеңдиги калк жашаган пункттардан тышкары өткөн участоктордо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: I категория - 50 метр; II категория - 40 метр; III категория - 20 метр; IV категория - 10 метр.