Редакцияот 10.06.2002
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

2002-жылдын 10-июну № 91

Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Кадамжай районунун Марказ айылдык кеңешинин курамынан Кара-Дөбө айылын чыгаруу жана аны Баткен областынын Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешине өткөрүп берүү жөнүндө

2002-жылдын 10-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

 

2002-жылдын 13-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жактырылган

1-статья.

Баткен областынын Кадамжай районундагы Марказ айылдык кеңешинин курамынан Кара-Дөбө айылы чыгарылсын.

2-статья.

Баткен областынын Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешине Кара-Дөбө айылы өткөрүлүп берилсин.

3-статья.

Марказ айылдык кеңешинин эсеп маалыматынан Кара-Дөбө айылы чыгарылсын.

4-статья.

Майдан айылдык кеңешинин эсеп маалыматына Кара-Дөбө айылы киргизилсин.

5-статья.

Баткен областынын Кадамжай районунун Марказ, Майдан айылдык кеңештеринин чек араларынын баяндап-сүрөттөлүшү бекитилсин.

6-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев