Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 2002-жылдын 8-июлу № 114

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, N 3, 156-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 50-статьянын экинчи бөлүгүнүн 2-пункту "оор кылмыштар" деген сөздөрдөн мурда "чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар үчүн," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 145-статьяда:

экинчи бөлүктөгү "соттолгондун жасалган жосунга карата мамилеси" деген сөздөр алып салынсын;

тогузунчу бөлүктөгү "токтом чыгарууга" деген сөздөр "токтомду сотко киргизүүгө" деген сөздөр менен алмашылсын;

онунчу жана он биринчи бөлүктөрдөгү "аныктама" деген сөз "токтом" деген сөз менен алмашылсын.

2-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2002-жылдын 6-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган