Загрузка документа…
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2002-жылдын 23-июлу № 121
Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзамдын максаты финансылык ижара - (мындан ары - лизинг) негизинде инвестициялардын формаларын өнүктүрүү, менчик укугун, инвестиция процессине катышуучулардын укуктарын коргоо, инвестициялоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзамда лизингдин укуктук жана уюштуруу-экономикалык өзгөчөлүктөрү аныкталган.
1-Бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жеке жана юридикалык жактарга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген, жер участоктору (башка жаратылыш объекттеринен тышкары) кошо кирген колдонулбоочу буюмдарга кирүүчү мүлк лизинги болуп саналат.
2. Лизинг боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер аныкталса, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды:
лизинг - лизинг келишимин ишке ашырууга, анын ичинде лизинг предметин сатып алууга байланыштуу келип чыккан экономикалык жана укуктук мамилелердин жыйындысы;
лизинг келишими - ушул келишимге ылайык ижарага берүүчү (мындан ары - лизинг берүүчү) ижарага алуучу (мындан ары - лизинг алуучу) тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү өзү (лизинг алуучу) аныктаган сатуучудан менчикке сатып алууга жана лизинг алуучуга ал мүлктү акы төлөп убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенген келишим.
Мында лизинг келишими төмөнкүдөй бир же андан көп белгилерди камтууга тийиш, алар:
- лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предмети лизинг алуучунун менчигине өтөт;
- лизинг келишиминде лизинг алуучунун лизингдин предметин лизинг келишими аяктагандан кийин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алуу укугу каралган;
- лизинг келишиминин мөөнөтү лизингдин предметинин экономикалык кызмат өтөө мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык эмес (мындай учурда менчик укугу лизинг алуучуга өткөрүп берилбеши мүмкүн);
- рыноктук ставка боюнча аныкталган лизингдик төлөмдөрдүн суммасы лизингдин предметинин наркынын 90 процентинен кем эмес болууга тийиш;
- лизингдин предмети негизги каражат болуп эсептелет жана өзгөчө мүнөзгө ээ, ошондуктан аны лизинг алуучу гана орчунду модификациялоосуз пайдалана алат.
Лизинг келишиминде сатуучуну жана сатып алынуучу мүлктү лизинг берүүчүнүн тандоосу каралышы мүмкүн.
лизинг иши - лизинг келишими боюнча лизинг берүүчүнүн менчик жана/же заемдук каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Лизингдин предмети
1. Керектелбөөчү бардык буюмдар, анын ичинде: ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаты жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр лизингдин предмети болушу мүмкүн.
2. Жер участокторунан башка жаратылыш объекттери, ошондой эле эркин жүгүртүү үчүн же жүгүртүүнүн өзгөчө тартиби белгиленген мүлк үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган мүлк лизинг предмети боло албайт.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Лизинг субъекттери
1. Төмөнкүлөр лизингдин субъекттери болуп саналат:
- лизинг берүүчү - лизинг келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө тиешелүү лицензиясынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мүлктү өзүнүн жана/же заемдук каражаттардын эсебинен менчикке сатып алып жаткан жана аны белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда белгилүү бир акыга лизинг алуучуга лизинг предмети катары убактылуу ээлик кылууга жана лизинг предметине менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсү менен же өтпөстөн пайдаланууга берип жаткан юридикалык жак;
- лизинг алуучу - лизинг келишимине ылайык лизинг предметин белгилүү бир мөөнөткө белгиленген акыга жана белгиленген шарттарда лизинг келишимине ылайык убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон юридикалык жак (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери), жеке жак, жеке ишкер;
- сатуучу - лизингдин предмети болгон мүлктү белгиленген мөөнөттө лизинг алуучуга сатуучу жеке адам же юридикалык жак.
Лизинг предметине карата лизинг алуучунун жана лизинг берүүчүнүн милдеттенмелерин айкалыштырууга жол берилбейт.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Лизинг компаниялары
1. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өзүнүн уюмдаштыруу документтерине ылайык лизинг берүүчүнүн ишин аткаруучу коммерциялык уюм (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).
2. Юридикалык, жеке жактар лизинг компанияларынын уюмдаштыруучулары болушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).
21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ачык акционердик коом формасында мамлекеттик лизинг компаниясы түзүлүшү мүмкүн.
3. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес Кыргыз Республикасынын аймагында лизингдик иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк юридикалык жак.
4. Лизинг компаниясы юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте лизинг ишин жүзөгө ашыруу үчүн тартууга укуктуу;
5. Төмөнкүлөр лизинг компанияларынын уюштуруучулары боло албайт:
а) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган жеке жана юридикалык жактар;
б) тизмеси террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү, алар боюнча террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган жеке жана юридикалык жактар жана/же катышуучу катары аффилирленген жактары бар жактар.
Лизинг субъекттери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
(КР 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-1-статья. Лизинг ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Лизингдин классификациялык белгилери
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон)
7-статья. Лизингдин формалары жана түрлөрү
Ички лизинг - лизингдин формасы, мында лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушат.
Эл аралык лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушпайт.
Кайтарымдуу лизинг - лизингдин түрү, мында сатуучу ишкердик максатта лизингдик бир укуктук мамиленин чегинде бир эле учурда лизинг алуучу катары чыга алат. Ошол эле учурда ишкердик максатта жеке ишкерлер жана юридикалык жактар (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери) гана кайтарымдуу лизингдин катышуучулары боло алышат.
Сублизинг - лизингдин түрү, мында лизинг алуучу (лизинг берүүчү) ушул Мыйзамга жана лизинг келишимине ылайык мурда лизинг берүүчүдөн лизинг келишими боюнча алынган жана лизингдин предметин түзгөн мүлктү сублизинг келишимине ылайык акы жана мөөнөт менен үчүнчү жакка (сублизинг алуучуга) убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүп берет. Мында сублизинг берүүчү жана сублизинг алуучу лизинг берүүчү жана лизинг алуучу катары чыгышат жана ушул Мыйзамда лизингдик бүтүмдүн ушул катышуучулары үчүн аныкталган укуктарга ээ болушат жана милдеттерди алышат. Сублизинг келишиминин мөөнөтү лизинг келишиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
Экинчи лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчүнүн менчигинде калган лизингдин предмети лизинг келишими токтотулган же бузулган учурда ушул Мыйзамга ылайык башка лизинг алуучуга лизингге берилет. Лизингдин мындай предметин лизингге кийинки берүүдө сатуучуну жана лизингдин предметин лизинг берүүчү тандаган деп эсептелет.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-Бөлүм
Лизингдик иштин укуктук негиздери
8-статья. Лизинг келишиминин мазмуну
1. Лизинг келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Лизинг келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Лизинг келишиминин олуттуу шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- аталышы, ошондой эле лизинг предметин айырмалоо үчүн тактап жазуу;
- тараптардын лизинг предметинин сатып алуу жана өткөрүүгө байланыштуу укуктары жана милдеттери;
- лизинг төлөмдөрүн чегерүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү;
- лизингдин предметин жана сатуучуну тандоочу жакты көрсөтүү.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 8-статьясынын абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 8-статьясынын абзацтарынын санына дал келбейт.
9-статья. Лизинг келишимин өзгөртүү жана ажыратуу
Лизинг келишимин өзгөртүү жана бузуу лизинг келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда ишке ашырылат.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Лизинг берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) мөөнөтү өтүп кеткен өзүнө тиешелүү лизингдик төлөмдөрдү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
б) лизинг алуучунун ишинин лизингдин предметине жана лизинг алуучу тарабынан лизинг келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышына тиешелүү бөлүгүнө контролдукту жүзөгө ашырууга;
в) лизинг алуучу тарабынан лизинг предметин кайтаруу боюнча милдеттенмелер бузулган учурда мөөнөтү өткөн убакыт үчүн төлөмдөрдү төлөөнү жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
г) лизинг алуучудан анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жазуу формасындагы маалыматтарды талап кылууга;
д) лизинг предметине бул предмет лизинг берүүчүнүн менчиги болуп саналаарын жана лизинг келишимине ылайык ал лизинг алуучунун ээлигинде тургандыгын жана пайдаланылып жаткандыгын күбөлөндүргөн маркалоо укугуна;
е) ушул Мыйзамда каралган учурларда лизинг алуучудан лизинг предметин талап кылууга.
2. Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) сатуучудан лизинг алуучу менен макулдашылган лизинг предметин менчикке сатып алууга жана аны лизинг келишиминде айтылган шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга лизинг алуучуга өткөрүп берүүгө;
б) лизинг предметин алгандан кийин ал белгилүү бир жакка (лизинг алуучуга) лизингге өткөрүп берүү үчүн арналгандыгын сатуучуга жазуу жүзүндө маалымдоого;