Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 25-июлу № 132
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө
(КР 2016-жылдын 14-июнундагы № 80, 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 , 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишинин укуктук негиздерин жана кепилдиктерин, анын мамлекеттик бийликтин органдары менен башка илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер менен болгон өз ара аракеттеринин негизги принциптерин аныктайт.
Ушул Мыйзам илимий-техникалык прогресстин, Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн негизи катары фундаменталдык жана прикладдык илимдерди өнүктүрүүгө, республиканын илимий дареметинин эң маанилүү тутумдук бөлүгү катары академиялык илимдин сакталып калышынын жана андан ары өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого багытталган.
1-Глава Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын статусу
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) - УИАнын мүчөлөрүн УИАнын илимий изилдөө институттарын, илимий кызматкерлерин, адистерин, тейлөөчү жана башка кызматкерлерин бириктирген мамлекеттик жогорку илимий мекеме.
УИА өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана УИАнын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
УИАнын иши республиканын өндүргүч күчтөрүн, анын илимий-техникалык дареметинин, маданиятынын, эл агартуусунун, адабиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө көмөктөшүүчү фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө, укуктук мамлекетти түзүүгө жана калыптандырууга багытталып, улуттар аралык тынчтыкты жана достукту чыңдоого көмөк көрсөтөт.
Улуттук илимдер академиясы юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. УИАнын уставы
УИАнын уставы анын жалпы чогулушунда кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте катталат. УИАнын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш.