Редакцияот 16.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 16-декабры № 145/XLIV - 3

“Пландан тышкары айыл чарба эмес жерлердижана муниципалдык квартираларды сатуудантүшкөн каражатын пайдалануу жөнүндө”

Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин “Пландан тышкары айыл чарба эмес жерлерди жана муниципалдык квартираларды сатуудан түшкөн каражатын” негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020 – жылынын бюджетинин пландан тышкары айыл чарба эмес жерлерди 206,8 мин.сом жана муниципалдык квартираларды 1171,2 сатуудан түшкөн жалпы 1378,0 мин.сом каражатын Кайыңды  шаарынын мэриясынын 2020 – жылынын бюджетинин  кирише жана чыгаша бөлүмүнө кошуп жана төмөнкү беренесине колдонуга  уруксат берилсин:

- 3111 беренесине ( имарат жана курулуш)

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов