Редакцияот 24.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 24-сентябры № 140/XLI-3

“Мугалимдер жана карылар күнүнө” карата иш-чарага акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү тууралуу

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 24-сентябрындагы №01-6-616 “Мугалимдер жана карылар күнүнө” карата иш-чара өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.“Мугалимдер жана карылар күнүнө” карата иш-чарага мэриянын бюджетинен 570 500 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын бөлүүгө уруксаат берилсин.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин  депутаттарына  жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов