Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН–КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 9-февралы № XXVII/10-4

Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүнбалансына киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин III-бѳлүмүнүн II-IV-пунктарын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳгү, 1999-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзамынын V-беренесин жетекчилике алып, Чон-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз объектилерди Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ маселени карап Чон-Кемин айылдык кенеши;

Токтом кылат:

1.Чон-Кемин айыл аймагынын мурдагы «Чон-Кемин» совхозунун карамагында турган тѳмѳндѳгү кыймылсыз объектилер, «Чон-Кемин» совхозу тарап кеткендигине байланыштуу жана ушул убакытка чейин мыйзамсыз пайдаланууда жүргѳндүгүнүн негизинде Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансасына  ѳткѳрүлүп алынсын.

-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен

-Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндердин сактоочу  жайы 0,074 га жер аянты менен 

-Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳгү жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен

-Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчѳсүндѳ  жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен № 31- кварталдагы контур

-Тѳрт-Күл айылындагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы 0,4075 га жер аянты менен

-Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов  кѳч № 17 «Чон-Кемин» жаратылыш паркынын конторасынын  имараты 12573 м2 № 31- кварталдагы контур жер аянты менен

2.Аталган объектилерди айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүп алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

 

Торага Чон-Кеминского

айыльного Кенеша

Ибраимов И.М.