Редакцияот 15.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 15-февралы № XXVII/18-1

Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин III-бѳлүмүнүн II-IV-пунктарын жана «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳгү», 1999-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзамынын V-беренесин жетекчилике алып, Чон-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз объектилерди Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү маселени карап, Чон-Кемин айылдык кенешинин регламентин жетекчилике алып, Чон-Кемин айылдык кенеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII/10-4. Токтому мыйзамдуу деп табылсын жана тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳтүүлѳр киргизилсин.

2.Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы № XXVII/10-4. токтомдо кѳрсѳтүлгѳн, Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳч № 17 Чон-Кемин жаратылыш паркынын конторасынын имараты 12573м2 № 31- кварталдагы контур жер аянты менен жана Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчѳсүндѳ жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен № 31- кварталдагы контурдагы объектилер алынып салынсын.

3.Калган тѳрт объектилер боюнча пункттар күчүндѳ калтырылсын.

-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен;

-Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндердин сактоочу жайы 0,074 га жер аянты менен;

-Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳгү жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен;

-Тѳрт-Күл айылындагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы 0,4075 га жер аянты менен;

4.Аталган объектилерди айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүп алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

 

Чон-Кемин айылдык

Кенешинин  төрагасы

 

И.М.Ибраимов