Редакцияот 02.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 2-июну № 149/XXI-27

Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айылдык кенешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талабын жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.03.2020 №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кочкорбаев айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талабын жана штаттык расписаниесин карап жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1. Кочкорбаев айыл аймагындагы Кочкорбаев айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талабы жана штаттык расписаниеси бекитилсин.

2. Бул токтомду аткаруу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

 

 

А. Албекенов