Редакцияот 2.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 2-июну № 156/XXI-27

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдар боюнча түзүлгөн бюджетинин божомолун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Бюджеттин долбоорлорун калыптандыруу жөнүндө» Бюджет Кодексинин 19-бөлүм 89-беренесинин негизинде  Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдар боюнча түзүлгөн бюджетинин божомолун карап чыгып,

Кочкорбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу кирешелер боюнча жана чыгашалар боюнча божомолу  кубатталсын:

 

         2021 - жылга карата – 13724,9 миң сом суммасында;

         2022 - жылга карата – 14559,7  миң сом суммасында;

         2023 - жылга карата – 14646,0 миң сом суммасында.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

 

А. Албекенов