Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 33-сессиясынын токтому
2019-жылдын 27-январы № 33/1
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым
укуктарды берүү жөнүндө»
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү ишке ашыруу максатында Авлетим айыл өкмөтү менен 2019-жылдын 27-декабрында түзгөн келишими бекитилсин
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |