Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому

 

2020-жылдын 21-февралы № 35/1

Авлетим токой чарбасынын токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү (ОВЛХ) жөнүндө.

Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2020-жылдын 19-февралындагы протоколуна ылайык, сессия

токтом кылат:

1. Авлетим токой чарбасынын токой чарбачылыгын жамаатташып жүргүзүү (ОВЛХ ) боюнча маалымдамасы көңүлгө алынсын.

2. Авлетим токой чарбасынын токой чарбачылыгын жамаатташып жүргүзүү (ОВЛХ) боюнча айрым кемчиликтерди эске алып жумуш алып баруу жагы Авлетим токой чарбасынын директору А.Мамытбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айьш чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Төлөбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шырдаков