Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому

 

2020-жылдын 21-февралы № 35/3

Авлетим айылдык кеңешинин «Авлетим айыл аймагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу жөнүндөгү» 2017-жылдын 22-сентябрындагы №4/10-токтому менен бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Авлетим жайыт комитетинин сунушунун жана айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 19.02.2020- жылдагы корутундусуна ылайык сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Авлетим айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу жөнүндөгү» Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жылдагы №4/10- токтому менен бекитилген келишим 2022-жылдын 15-мартына чейин узартылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. М өөнөтү узартылып бекитилген келишимди аткарууга алуу айыл өкмөтүнө(башчысы Абдыраманов Н. А.) жана жайыт комитетине (төрагасы Атенов Ж. Д.) милдеттендирилсин

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Авлетим айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (Төлөбев А. А.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шырдаков