Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому

 

2020-жылдын 21-февралы № 35/4

Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесине» караштуу жайыттарды башка максатта пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө

Авлетим жайыт комитетинин сунушунун жана айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 19.02.2020- жылдагы корутундусуна ылайык , сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» жайыттарды башка максатта пайдалануу үчүн түзүлгөн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Авлетим айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (Төлөбев А. А.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шырдаков