Редакцияот 10.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жол аыйл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясынын

 

2020-жылдын 10-июну № 1

Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV-сессиясынын күн тартибиндеги маселеси болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтомунун 1-пунктуна негиз Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода  жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдиги бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Батыралиев