Редакцияот 08.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы

 

2020–жылдын 8-июлу № 24/1

“Нур Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

“Нур Шаты” ЖЧКсы Кербен шаарында мөмө-жемиштерди сактоо боюнча логистикалык борбор жана мал союучу цех курууга жер сурап кайрылган. Бул маселе шаардын мэриясынын алдындагы жер комиссиясында каралган жана мэрия 2020-жылдын 17-июнундагы № 3-35/372 кайрылуусу менен “Нур Шаты” ЖЧКсына Кербен шаарынан жер ажыратып берүүгө макулдук берүүнү сураган.

Жогорудагы маселе боюнча шаардык Кеӊештин жер жана суу ресурстары боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 22-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Нур Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор жана мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех куруу үчүн Кербен шаарынан узак мөөнөткө жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Кербен шаарынын мэриясына, ишкананын долбооруна жана КР мыйзамдарына ылайык жер аянтын бөлүп берүүнү кароо жагы сунушталсын.

3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевке жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы

Н.Шадыбеков