Редакцияот 03.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2020-жылдын 3-декабры № 3

Бала бакча куруу үчүн Топ-Жаңгак айылынан жер бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бала бакча куруу үчүн А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин АКТсынын ичинен 1500 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин деген айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясынын №2 токтому жокко чыгарылсын.

2. Бала бакча куруу үчүн А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин АКТсынын ичинен 2500 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков