Редакцияот 02.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII-чакырылышынын кезексиз XXXIII-сессиясы

 

2020-жылдын 2-июну № 1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.03.2020-жылдагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 05.02.2020-жылдагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук жана бюджет жана каржы маселеси боюнча боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин жооптуу катчынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков