Редакцияот 06.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII-чакырылышынын кезексиз XXXIV-сессиясы

 

2020-жылдын 6-августу № 6

Гемодиализге муктаж болгон атуулдарга кам көрүү максатында тиешелүү жетекчилерден аппарат суроо жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гемодиализге муктаж болгон атуулдарга жардам берүү максатында тиешелүү жетекчилерге аппарат алып берүүгө кат даярдалып жөнөтүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н.Жаркынбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков