Редакцияот 30.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 30-октябры № 2

Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым ажыратып берүү жөнүндө

Муниципалитеттер аралык кызматташуу алкагында Достук жана Бүргөндү айыл аймактарынын калкына катуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу кызматын көрсөтүүнү жакшыртуунун аракет планын турмушка ашыруу учун Достук айылдык кенешинин XХVII чакырылышынын кезексиз XХXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалиттер аралык кызматташуу алкагында Достук жана Бүргөңдү айыл аймактарынын калкына катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу кызматын көрсөтүүнү жакшыртуунун аракет планын турмушка ашыруу үчүн Достук айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары 2 045 000 (эки миллион кырк беш миң) сом ажыратылып берилсин.

2.Ушул токтомдун негизинде Достук айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Абдышовго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Мансиркулов