Редакцияот 04.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2020-жылдын 4-декабры № 1

Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы № 11/1-570-20 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө

“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовду ээлеген кызматынан бошотуу жана айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Б.Раимовду Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы №1 токтомун ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү жөнүндөгү”  Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2020-жылдын

2-декабрындагы № 11/1-570-20 сандуу каршылык билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы № 11/1-570-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде, “Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовду ээлеген кызматынан бошотуу жана айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Б.Раимовду Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы №1 токтому жокко чыгарылсын.

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Байназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев