Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 1

Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга Региондорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, Эл аралык долбоорлордун алкагында “Гава-Сай (азыркы учурда Чоң-Сай аталыштагы) дарыясы-Терс дарыясынын куймасы” гидрологиялык постунун ишин кайрадан жандандыруу зарылдыгы жөнүндөгү”   Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директору А.Т.Бекиловдун 13.03. 2020-жылдагы №  04/387 катынын негизинде, Көк-Таш  айыл өкмөтүнүн жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкы адиси Ж.Байнаевдин билдирүү-корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөттүн баллансындагы жер фондунун Чоң-Сай айылындагы Беш-Таш участкасынын №400---0,50га контрундагы жер тилкеси  “Гава-Сай (азыркы учурда Чоң-Сай аталыштагы) дарыясы-Терс дарыясынын куймасы” гидрологиялык постунун ишин  кайрадан жандандыруу үчүн  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.

2.Жер тилкесин тактап, бөлүп берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго жана жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкы адиси Ж.Байнаевге милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев